Ноокат туристтик аймакка айланат — Президент
Ноокат району өнүккөн туристтик аймакка айланат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров район тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, аймакта туристтик технологияларды киргизүү, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу жана фермерлерди колдоо аркылуу айыл чарба тармагы жаңы деңгээлге чыгарылат.
Ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, райондун туристтик потенциалын жогорулатуу багытындагы иштер жандандырылары белгиленди.