Ноокатта 16 чакырымдык Каримберди каналы курулуп жатат

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 127

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү Каримберди бөлүмүндө узундугу 16 чакырымды түзгөн Каримберди каналынын курулушу жыйынтыктоо баскычына жетти.

Маалыматка ылайык, жаңы канал келерки жылы пайдаланууга берилип, анын жардамы менен 1000 гектарга жакын жер өздөштүрүлөт. Долбоордун жалпы сметалык баасы 850 млн сомду түзөт.

Мындан тышкары, 380 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын киргизүү үчүн керектүү түтүктөр сатылып алынды. Жакынкы күндөрү аларды орнотуу иштери башталат.

Аталган аймакта көп жылдык бак-дарактарды отургузуп, органикалык мөмө-жемиш өндүрүү жана аны экспортко чыгаруу пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X