Ноокатта 33 миң куб метрден ашык кум-шагыл мыйзамсыз казылганы аныкталды
Ош экологиялык прокуратурасы Ноокат районундагы карьерлерди текшерүү учурунда жер казынасын пайдалануу боюнча олуттуу мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматка ылайык, айрым жер казынасын пайдалануучулар карьерлерди техникалык долбоордо жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунда көрсөтүлгөн 5 метрлик чектен ашык тереңдикте казышкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке ишкер Ө.М. карьерди 9 метрге чейин тереңдетип, 13 миң 100 куб метр кум-шагыл аралашмасын, ал эми «ЖБИ М-А» ЖЧКсы 10 метрге чейин казып, 20 миң куб метрден ашык материалды мыйзамсыз алгандыгы аныкталган.
Жалпы мыйзамсыз казылган кум-шагылдын көлөмү 33 миң 100 куб метрди түзүп, анын болжолдуу баасы 16 млн 750 миң сом деп эсептелди. Мындан тышкары, мамлекетке 1 млн 489 миң 500 сом салыктык зыян келтирилгени аныкталып, жалпы чыгым 18 млн 239 миң 500 сомду түзгөн.
Прокуратуранын маалыматына караганда, тиешелүү мамлекеттик органдардын айрым жооптуу кызматкерлери мыйзам бузуулар тууралуу билип туруп, аларды токтотуу жана жер казынасын коргоо боюнча чараларды көрүшкөн эмес. Натыйжада мыйзамсыз иштердин уланышына шарт түзүлгөн.
Бул факты боюнча Ош экологиялык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.