Ноокатта 40 орундуу заманбап оорукана курулуп бүттү

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 103

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 орундуу  заманбап оорукана курулуп бүттү.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, ага 142 млн сом жумшалган.

Үч кабаттуу оорукананын жалпы аянты 2 миң 400 чарчы метрди түзөт. Имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат.

Мындан тышкары, ооруканага жанаша поликлиника имараты курулуп, анда рентген, стоматология, УЗИ жана бейтаптарды кабыл алуу бөлмөлөрү каралган.

Объекттин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Жаңы оорукана Жаңы-Базар айылынын жана ага жакын аймактардын тургундарына медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X