Ноокатта 48 уюлдук телефонду уурдоого шектелгендер колго түштү

23-июнь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 218

Ноокат районунда дүкөндөн 48 даана уюлдук телефон уурдап кеткен деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү Ноокат шаарындагы дүкөндөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип, ондогон уюлдук телефондорду алып кетишкен. Натыйжада дүкөн ээсине ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.Х. жана 1999-жылы туулган С.М. аттуу жарандар аныкталып, кармалды.

Учурда кармалгандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө амалдары улантылып жатканы маалымдалды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X