Ноокатта эки жаңы ГЭС курулууда
Ноокат районунда эки жаңы гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Данияр Шейшеканов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен тааныштырган учурда билдирди.
Акимдин маалыматына ылайык, учурда Ноокат району аймагында “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станциялары курулууда. Алардын ар биринин кубаттуулугу 7,93 МВтты түзөт.
Ошондой эле буга чейин кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи ишке берилгени белгиленди. Тиешелүү долбоорлор аймактын энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталганы айтылды.