Ноокатта жайыт жерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларынын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Ноокат районунун Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал аймагындагы жайыт жер тилкесинин мыйзамсыз ээлеп алынган фактысы аныкталган.
Тактап айтканда, жаран Ж.Э. мыйзамдарда каралган тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок эле жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алып, анын үстүнө курулуш объектилерин тургузуп, жер кыртышын бузган. Мыйзам бузуу фактыларын жоюу тууралуу берилген эскертүүлөргө карабастан, ал мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары тарабынан мыйзамсыз ээлеп алынган жер тилкесин бошотуу жана мыйзамсыз курулган объектилерди буздуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу прокуратура органдарынын көзөмөлүндө.
Башкы прокуратура жайыт жана башка жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналарын жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
Жер мыйзамдарынын талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин №109 Жарлыгынын аткарылышына көзөмөл мындан ары да улантылат.