Ноокатта жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилди

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Н. Жапаровдун онлайн катышуусунда, Ош облусунда бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземи өттү.

Алардын катарында Төөлөс айыл аймагындагы жаңы спорт комплекси да бар.

Жаңы заманбап спорттук жай жергиликтүү жаштардын жана спорт сүйүүчүлөрүнүн машыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, айылдагы спорттун өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунун аймагында жалпы 16 социалдык объект пайдаланууга берилди.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X