Ноокаттагы 48 батирлүү үйдүн жашоочулары көп жылдан берки көйгөйдөн арылды

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 182

Ноокат шаарындагы көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү турак үйдүн маселеси чечилди. Аэропорт көчөсү, 48 дарегиндеги төрт кабаттуу, 48 батирлүү үйгө пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды.

Документ Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан үйдүн жашоочуларына берилди.

Белгилей кетсек, турак үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. Курулуш иштери 2023-жылы Ноокат шаарынын мэриясы тарабынан кайра жандандырылганы менен, имаратты пайдаланууга берүү маселеси бир нече жыл чечилбей келген.

Мунун айынан батир ээлери турак жайларын өз атына каттатып, укук белгилөөчү документтерди ала албай, коммуналдык кызматтар үчүн жогорулатылган тариф менен төлөп келишкен.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Эми тиешелүү документтердин негизинде жашоочулар батирлерин мыйзамдуу каттоодон өткөрүп, менчик укугун ырастаган документтерди ала алышат. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X