Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын башчысы Болот КАЛЕНДЕРОВ: “ЭЛДИН ИШЕНИМИ – БИЗДИН ЭҢ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК”
Бүргөндү-Достук айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштер жергиликтүү бийликтин ырааттуу аракетинин натыйжасын айгинелеп турат. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу багытындагы аракеттер айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Календеровдун жетекчилиги астында системалуу түрдө ишке ашырылып келет.
Бүгүнкү күндө Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу 19 айылда 5880 кожолук жашап, жалпы калктын саны 36 миңге жетет. Аймакта калктын билим алуусу, саламаттыгы жана маданий жашоосу үчүн зарыл болгон социалдык инфраструктура да түзүлгөн. Тактап айтканда, 16 мектеп, 10 бала бакча, 1 жеке менчик мектепке чейинки мекеме, 3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 10 ФАП, 3 айылдык маданият үйү, 4 китепкана, 4 почта бөлүмү жана 1 калкты тейлөө бөлүмчөсү иш алып барууда. Бул мекемелер аймак тургундарына билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарды жеткирүүдө маанилүү роль ойнойт.
Айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири – жергиликтүү бюджетти бекемдөө жана киреше булактарын көбөйтүү. Бул багытта 2025-жылы бир катар иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгы жаман болгон жок. Жыл ичинде киреше салыгы боюнча сметалык план 21 495 000 сом болуп белгиленип, кийин такталган план 27 049 500 сомду түзгөн. Жыл жыйынтыгында бюджетке 26 243 153 сом түшүп, план 100 пайызга аткарылды.
Салык түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр да жогору болду. Маселен, тамарка салыгы боюнча 2025-жылга 587 200 сом план бекитилип, иш жүзүндө 738 832 сом түшүп, план 125,8 пайызга аткарылды. Ал эми ыктыярдуу патент боюнча 1 165 000 сом план коюлуп, натыйжада 1 361 370 сом түшүп, көрсөткүч 118 пайызга жетти.
Бул көрсөткүчтөр Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджетти чыңдоо, салык жыйноону жакшыртуу жана экономикалык активдүүлүктү арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Календеров баштаган жергиликтүү бийлик калктын жашоо-шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу багытында ишти мындан ары да улантууну максат кылууда.
Кызыл-Туу, Кең-Сай жана Кызыл-Кыя айылдарына 150 кВт трансформаторлор орнотулду.
300 даана электр мамычалар орнотулду.
Турдалиев көчөсүнөн Маданият постуна чейин 1 км тротуарына 6 345 970 сом каржыланып, реконструкциялоо иштери бүткөрүлдү.
Жанай-Сай жана Жаңы-Кыштак көчөлөрүнө жалпы суммасы 9 637 904,00 сом каржыланып, асфальт төшөлдү.
-
Түрткү берүүчү гранттан 4 818 952 сом
-
Өздүк салым 4 500 000 сом
-
Жергиликтүү бюджеттен 318 952 сом
Сметалык баасы 5 394 363 сомго Узбеков жана Адыр-1 көчөлөрүнө балдар ойноочу аянтчалар курулду.
Жалпы сметалык баасы 14 429 408 сом каржыланып, Бүргөндү-Достук айыл аймагында өзгөчө кырдаалдардын административдик имаратынын курулушу аяктап, колдонууга берилди.
Ношкен айылында №20 Матмуса мектебинин имараты 11 125 034 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
-
Өздүк салым — 6 125 034
-
Түрткү берүүчү грант — 5 000 000
Теңдик айылындагы №57 Осмонбеков мектебин капиталдык ремонттоо үчүн Ноокен өнүктүрүү фондунан 8 376 928 сом, жергиликтүү бюджеттен 930 770 сом каржыланып,
ремонт иштери 100%га аткарылды.
Айыл өкмөт тарабынан 4 га жер аянты ижарага берилип, жеке ишкер тарабынан 350 000 000 сомдук асфальт-бетон чыгаруучу завод курулду.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде бетон арык куруу ишине 28 адам тартылып, көпүрөгө 60 жумушсуз жакыр үй-бүлөнүн мүчөлөрү иштеп, 52 жаранга 6 каптан ун, 30 литрден май берилген.

