Ноокен РИИБде “Бирдиктүү терезе” иштей баштады

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө “Бирдиктүү терезе” режиминде Кыргыз Республикасынын ИИМдин мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору ишке
киргизилип, жергиликтүү тургундар үчүн кызмат кыла баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Эми жарандар соттуулугу тууралуу справка, курал-жарактарды алып жүрүүгө уруксат кагаздарды жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышат.
Бирдиктүү терезенин ачылышында Ноокен РИИБдин начальниги Алтынбек Мусаев кызмат көрсөтүүчү борборунун ишмердүүлүгү жана анын алкагында кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү менен тааныштырып өттү.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын Башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Улан Бактыгулов жана Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов катышышты.

«Бирдиктүү терезе» жалгыз гана 140 миңден ашуун калкы бар Ноокен районун
тейлөө менен чектелбестен, Базар-Коргон району жана Майлуу-Суу шаарынын калкын эсепке алганда жалпы 300 миңге чукул калкка жакындан кызмат көрсөтүп, жумуш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин тыныгуусуз иштейт.

Жарандар маалымат үчүн төмөндөгү номер аркылуу байланыша алышат:
(03734 102, 0552 80 83 39)

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X