Ноокенде таштандыны сайга төккөн жайлар айыпка жыгылды

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 195

Ноокен районунда эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерген рейд учурунда мыйзам бузуулар аныкталды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын маалыматына караганда, айрым жайлардын ээлери таштандыларды Алаш сайына төгүп, тиричилик калдыктарын өрттөп келишкен.

Бул фактылар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 35 миң 550 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайлардын ээлерине таштандыны белгиленбеген жерге төкпөө, калдыктарды өрттөбөө жана аймакты таза кармоо боюнча эскертүү берилди. Рейд учурунда аныкталган таштандылар тазаланып, аймактар иретке келтирилди.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X