Ноокенде жаандын кесепеттерин жоюуга 85 куткаруучу тартылды

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жааган жаандын кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-июль саат 09:00гө карата кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 85 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле тазалоо иштерине 3 кичи жүктөгүч, 4 мотопомпа жана керектүү шаймандар колдонулууда.

Куткаруучулар жеринде сегиз топко бөлүнүп, полковник М.А. Эргешовдун жетекчилиги алдында тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда аймакта жаандын кесепеттерин жоюу боюнча иштер уланууда.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X