Ноокендеги сел: куткаруучулар үч топко бөлүнүп тазалоо иштерин жүргүзүүдө
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кочкор-Ата шаарында селден жабыркаган жарандардын үйлөрүн тазалоо иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 30 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар 13-июлда саат 22:40тан тарта 2 кичи жүктөгүч, 4 мотопомпа жана башка керектүү шаймандар менен иш алып барууда.
Учурда куткаруучулар Момбеков айыл аймагында үч топко бөлүнүп, турак үйлөрдү жана аймактарды сел калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тиешелүү кызматтар тарабынан улантылууда.