Нурбек Букуев Саламаттык сактоо министринин орун басары болду

27-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 264

Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп Нурбек Букуев дайындалды. Ал бүгүн, 27-августта министрликтин борбордук аппаратына тааныштырылды.

Букуев — хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, доцент. Медицина тармагында 21 жылдык тажрыйбасы бар.

Ал 2024-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп келген. Бул кызматта дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруп, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Медицина 264
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X