Нурдан Орунтаев: 48 жылдан кийин жаңыланган автобаза заманбап шартта кызмат көрсөтөт

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 179

Курулуш министри Нурдан Орунтаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө министрликке караштуу Инженердик изилдөө департаментинин 48 жылдан кийин толук жаңыланган автобазасынын ишмердүүлүгүн тааныштырды.

Министр белгилегендей, буга чейин автобазанын аймагы мамлекеттин балансынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Министрлик соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында өткөн жылы объектти мамлекеттин менчигине кайра кайтарып, аны калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада бүгүнкү күндө автобаза заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө инженердик изилдөөлөрдө колдонулган атайын техникалардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бул техникалар курулуш иштери баштала электе объект жайгаша турган аймакта инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жер кыртышын 200 метрге чейинки тереңдикте изилдей алат. Анын негизинде жердин көтөрүмдүүлүгү, геологиялык түзүлүшү жана курулуш жүргүзүүгө ылайыктуулугу аныкталып, адистер тарабынан курулушту баштоого мүмкүнчүлүк бар же жок экендиги боюнча корутунду даярдалат.

Жаңыланган автобаза инженердик изилдөөлөрдү жүргүзгөн техникаларды сапаттуу тейлөөгө, сактоого жана алардын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга шарт түзүп, өлкөдө курулуп жаткан объектилердин коопсуздугун жана сапатын камсыздоодо маанилүү ролду аткарат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X