Нурдан Орунтаев Чолпон-Ата ат майданындагы оңдоо иштерин текшерди
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында капиталдык оңдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев 13-июнда Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында объектте аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
2026-жылы башталган долбоордун алкагында ат майдандын негизги бөлүктөрү жаңыланууда. Тактап айтканда, VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Мындан тышкары, кире бериш аймагындагы кафель жабуулары алмаштырылып, инженердик тармактар толугу менен жаңыртылууда.
Учурда курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Объектке барган министр иштердин сапатына жана курулуш темпине өзгөчө көңүл буруп, бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгиленгендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын ишке ашырылышы Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата ат майданынын тарыхы 1930-жылдардан башталат. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган. Бүгүнкү күндө ал 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап ат спорттук комплекси болуп саналат.