Нурдан Орунтаев: “Курулуш жарандарга зыян келтирбеши керек”
Бүгүн, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар, ошондой эле мыйзам жана техникалык талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Жыйында оор курулуш техникаларынын автоунаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук эрежелерин милдеттүү түрдө аткаруу, санитардык нормаларды сактоо жана шаар куруу кеңешинин талаптарын так аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, курулуш жүрүп жаткан аймактардагы тазалыкты камсыз кылуу зарылдыгы да көтөрүлдү.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары мыйзам талаптарын, техникалык коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоого милдеттүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, курулуш иштери жарандардын коопсуздугуна, шаардык инфраструктурага жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши керек. Ошондой эле тармактагы жоопкерчиликти жана көзөмөлдү күчөтүү негизги багыттардын бири экени айтылды.