Нургазы Чодоев, ӨКМге караштуу Токой кызматынын директору: Жаңгак токойлорун сактап калуу үчүн убакыт менен жарышып жатабыз

Кыргызстандын реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлору дүйнөдөгү эң уникалдуу жаратылыш мурастарынын бири. Миңдеген жылдардан бери сакталып келген бул экосистема бүгүн климаттын өзгөрүшү, зыянкечтердин көбөйүшү жана адам факторунун басымы алдында турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев менен маектештик.

— Нургазы мырза, Кыргызстандын реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун дүйнөлүк мааниси эмнеде?
— Кыргызстандын реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлору дүйнөдөгү эң сейрек жана эң баалуу экосистемалардын бири. Бул жөн гана токой эмес. Бул миңдеген жылдардан бери сакталып келген табигый генетикалык фонд.

Окумуштуулар дүйнөдөгү маданий жаңгак сортторунун түпкү мекендеринин бири катары Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстандын аймагын көрсөтүп келишет. Ошондуктан биздин жаңгак мөмө-жемиш токойлору өлкөнүн гана эмес, жалпы адамзаттын табигый мурасы болуп эсептелет.

Бул токойлордун дагы бир өзгөчөлүгү алардын көп катмарлуу экосистема экендигинде. Бул жерде жаңгак менен катар алма, алча, өрүк, долоно жана ондогон бадал, жүздөгөн чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ар биринин өзүнүн орду жана милдети бар. Ошондуктан жаңгак мөмө-жемиш токойлору биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдөгү эң бай токойлордун катарына кирет.

Бул токойлор тарыхта дагы өзгөчө коргоого алынган деп айтылып жүрөт го?…
— Ооба. Жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун тарыхы өтө терең. Кокон хандыгынын мезгилинде эле бул аймактар хандыктын өзгөчө коругу катары эсептелген. Токойлор хандыктын менчиги болгон. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин токой кызматкерлерин эл арасында «корукчу» деп аташат. Ал кезде токойдон отун алган адам «отун пул», курулуш материалын алган адам «жыгач пул» төлөгөн. Токойдун жанындагы эл хандык үчүн жаңгак, мөмө-жемиш жана башка ресурстарды жеткирүүгө милдеттүү болгон. Бул биздин ата-бабаларыбыз дагы жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун баалуулугун жакшы түшүнгөнүн көрсөтөт.

— Жаңгак токойлорун илимий жактан изилдөө качан башталган?
— Алгачкы олуттуу экспедициялар XIX кылымдын аягында, Кыргызстан Россия империясынын курамына киргенден кийин жүргүзүлгөн. Ошол кездеги илимий материалдарда биздин жаңгак токойлору «картаң токой» деп бааланган. Себеби окумуштуулар ири, жүздөгөн жылдык дарактардын көп экенин байкашкан. Негизи токой илиминде 100 жашка чейинки жаңгактар жаш токой катары эсептелет. Ал эми 150 жылдан ашкан дарактар картаң токой категориясына кирет. Биринчи экспедициялардын өкүлдөрү жаш муундагы дарактар аз экенин, картаң дарактар басымдуулук кыларын белгилешкен. Ошондой эле токойго мал чарбачылыгы олуттуу таасир этээрин айтып кетишкен. Тилекке каршы, бул маселе бүгүн дагы актуалдуу. Эгер көчөттүн жаш мууну жетиштүү өспөсө, токой акырындап карый берет.

Ал эми кийинки изилдөө, Улуу Ата Мекендик согуштун оор күндөрүнө карабастан 1944-жылы СССР Илимдер академиясынан академик В.Н.Сукачёвдун жетекчилиги астында экспедиция жөнөтүлгөн, анын курамында 4 академик, 12 илимдин доктору жана профессору, ошондой эле 24 илимдин кандидаты иштеген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жана жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун өзгөчө баалуулугун эске алуу менен жаңгак токойлору өзгөчө статус алышкан. Ал эми, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы токой мыйзамдарында алар өзгөчө баалуу токой массивдеринин катарына киргизилген. Жогорудагы изилдөөлөрдүн негизинде, 1947-жылы Кыргыз ССРинин Токой чарба министрлиги түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун негизги көйгөйлөрү кайсылар?
— Биринчи кезекте климаттын өзгөрүшү. Акыркы жылдары жазгы үшүктөр көбөйдү. Кээде аба эрте жылып кетип, дарактар гүлдөй баштаганда кайрадан суук түшөт. Натыйжада гүлдөр жана жаңы байланган мөмөлөр үшүккө урунат. Жай мезгилиндеги кургакчылыктар дагы күчөп жатат. Нымдуулуктун азайышы дарактардын өсүшүнө түздөн-түз таасир берет. Экинчи чоң көйгөй зыянкечтер жана оорулар. Көпчүлүк адамдар жаңгак табигый дарак болгондуктан оорубайт деп ойлошот. Бул туура эмес түшүнүк.
Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү жаңгактар кандай ооруса, биздин жаңгактар дагы ошондой эле ооруйт. Климат өзгөргөн сайын дарактардын иммунитети начарлайт. Алсыраган дарактар ооруларга көбүрөөк кабылышат.

— Кайсы оорулар жана зыянкечтер көбүрөөк коркунуч жаратууда?
— Жаңгак токойлорунда жалбырак, мөмө жана жыгач менен азыктанган ондогон зыянкечтер бар. Мындан сырткары Inonotus hispidus аттуу кооптуу козу карын дарактын өзөгүнө кирип алып, жыгачты ичинен чиритет. Натыйжада сыртынан соо көрүнгөн дарактын ичи көңдөйлөнүп калат. Көп учурда адамдар мындай дарактын ооруп жатканын сыртынан байкабай калышат.

— Зыянкечтерге каршы кандай күрөш жүрүп жатат?
— Биз бүгүн химиялык эмес, биологиялык коргоо ыкмаларына көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Атайын биологиялык станцияларда зыянкеч курт-кумурскалардын личинкалары менен азыктанган пайдалуу коңуздар өстүрүлөт. Кийин алар токойго коё берилет. Бул коңуздар зыянкечтердин санын табигый жол менен азайтып, экосистеманын тең салмактуулугун сактоого жардам берет.
Башкача айтканда, биз табияттын өзүнүн механизмдерин пайдаланып жатабыз. Бул дүйнөлүк практикада өзүн актаган эң натыйжалуу жана экологиялык жактан коопсуз ыкмалардын бири.

— Жаңгак токойлорун сактоо боюнча дагы кандай иштер жүргүзүлүүдө?
— Биз жөн гана токойду кайтарып жаткан жокпуз. Биз аны сактап калуунун жолдорун издеп жатабыз. Окумуштуулар менен биргеликте токойлорго мониторинг жүргүзөбүз. Зыянкечтердин жайылышын көзөмөлдөйбүз. Табигый жаңылануу процессин изилдейбиз. Мындан тышкары реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлорунун генетикалык тазалыгын сактоо үчүн чет өлкөлөрдөн келген жаңгак сортторун токойлорго киргизбейбиз. Анткени биздин башкы максат миңдеген жылдардан бери сакталып келген табигый генетикалык фондду жоготпоо. Ошону менен бирге жыл сайын жүздөгөн гектар жер аянтына жаӊгак дарактарынын экме токойлорун өстүрүп келебиз. Белгилеп айтсак 2024-жылы 158,5 га; 2025-жылы 403,6 га; 2026-жылы 448,0 га жер аянтына жаӊгак дарактарынын экме токойлору отургузулду.

— Жаңгак токойлорун сактап калуунун негизги шарты эмне деп ойлойсуз?
— Токойду бир бүтүн организм катары кароо керек. Жаңгакты өзүнчө сактап калуу мүмкүн эмес. Аны курчап турган бүтүндөй экосистеманы сактоо зарыл. Малдын көзөмөлсүз жайылышын жөнгө салуу керек. Жаш көчөттөрдү коргоо керек. Илимий изилдөөлөрдү күчөтүү зарыл. Климаттын өзгөрүшүнө ылайык жаңы ыкмаларды иштеп чыгышыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлорун сактап калуу үчүн убакыт менен жарышып жатабыз.

Маегибиздин соңунда эмне айткыңыз келет?
— Токой тармагында 27 жылдан бери эмгектенип келем. Бала кезимден токойчу болууну кыялданчумун. Атам дагы ушул тармакта иштеген. Ушул жылдардын ичинде бир нерсени так түшүндүм. Реликттүү жаңгак мөмө-жемиш токойлору өзүн-өзү коргой албайт. Аларды адамдар гана сактап кала алат. Бүгүн жүздөгөн токойчулар, окумуштуулар жана адистер ушул багытта иштеп жатышат. Анткени бул токойлор биздин ата-бабалардан калган мурас гана эмес, келечек муундарга өткөрүп бере турган аманат.
Эгер бүгүн туура чечимдерди кабыл алып, токойлорду коргой алсак, бул байлык дагы жүздөгөн жылдар жашайт. Эгер кечиксек, жоголгон мурасты кайра кайтарып келүү мүмкүн болбой калат.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X