Нурипа Муканова: Элдин мамлекеттик органдарга ишеними артууда
Мындан 5 жыл мурда тагыраагы, 2021-жылдын 8-июлунда Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Бул орган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү, мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы программаларды жана реформаларды кандай аткарып жатканына мониторинг жүргүзөт. Бул багыттагы иштер тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы Нурипа Мукановага айрым суроолорду берип жооп алдык.
— Нурипа айым, сиз жетектеген Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жакында журналисттер үчүн тренинг уюштурду. Негизи эле коррупцияга каршы күрөшүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду канчалык маанилүү?
— Журналисттер коомдук пикирди калыптандыруучу негизги күчтөрдүн бири. Коррупцияга каршы күрөшүүдө жазалоо чаралары менен катар анын алдын алуу, коомдо ак ниеттүүлүк маданиятын өнүктүрүү жана коррупцияга жол бербеген көз карашты калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блогерлердин ролу чоң. Бул тренинг өлкөдө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу планынын 4-главасындагы «Жарандык коом, ЖМК жана медиа коомчулуктун башка өкүлдөрү менен өнөктөштүк» багытынын 1-пунктунда белгиленген «Медиа жана жарандык коомдун кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу коррупцияга каршы көз карашты калыптандыруу» милдетин аткарууга багытталган.
Окутуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди кесипкөйлүк менен чагылдыруу, такталган фактыларга таянуу жана журналисттик этиканы сактоо маселелери талкууланды. Биз үчүн медиа өкүлдөрүнүн көйгөйлөрдү көтөрүү менен бирге, аларды чечүүнүн жолдорун жана коррупциянын алдын алуудагы ийгиликтүү тажрыйбаларды коомчулукка жеткирүүсү да маанилүү. Мамлекет, бизнес, медиа жана жарандык коом биргелешип, ырааттуу иш алып барганда гана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, коомдо адилеттүүлүккө жана мыйзамдуулукка болгон ишенимди бекемдей алабыз.
— Акыркы жылдары өлкөдө коррупция менен бюрократия азайды деп айта алабызбы?
— Ооба, Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы чечкиндүү саясатынын жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн натыйжасында оң өзгөрүүлөр байкалууда. Акыркы төрт жылдан ашуун калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеними бекемделип, коомдо коррупцияга карата көз караш да өзгөрүүдө. Мамлекет башчысынын коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон саясий эрки бул багыттагы иштерге негиз болуп берди. Анын демилгеси менен 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн. Кеңеш мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүп, коррупциянын алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүп келет.
Мурда жарандык коом тарабынан бийликке карата нааразычылыктар көп айтылса, бүгүн көйгөйлөрдү ачык талкуулоого, сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга жана аларды чечүүгө багытталган кызматташтык бекемделүүдө. Бизнес өкүлдөрү жана жарандык коом мамлекеттик органдар менен тыгыз иштешип, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын өз ишмердүүлүгүндө сезип, жеринде көрүп жатышат. Беш жылга жакын убакыттын аралыгында Кеңеш жарандык коом уюмдарынын мүчөлөрүнө, мамлекеттик кызматкерлерге жана бизнес өкүлдөрүнө коррупциянын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүп келүүдө. Бул иштердин негизги максаты — коррупциялык тобокелдиктерди таануу жана алдын алуу боюнча практикалык билим берүү, укуктук маданиятты жогорулатуу жана коомдо ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөө. Учурдагы превенция (алдын алуу) багытындагы алып барып жаткан иштерибиз – бул дүйнөлүк практика десем жаңылышпайм. Европа конфедерациясында дагы ушул методика менен көп мамлекеттер коррупциянын алдын алуу багытында көптөгөн ийгиликтерге жетишти.
Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында өз багыттарыбыз боюнча иш алып баруудабыз. Биздин милдет — мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жарандык коомдун күч-аракетин бириктирип, стратегияда белгиленген максаттарды конкреттүү иштерге жана коом үчүн сезилерлик натыйжаларга айландыруу.
— Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамына кимдер кирет жана учурда кандай иштер аткарылууда?
— Президент Садыр Жапаров төрагалык кылган кеңештин курамына депутаттар, министрлер, укук коргоо түзүмдөрүнүн жетекчилери, бизнес жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Биздин катчылык 2025–2030-жылдарга карата кабыл алынган мамлекеттик стратегиянын алкагында мамлекеттик органдарга, сот жана укук коргоо тармактарына коомдук мониторинг жүргүзүүдө. Алдыдагы 2027-жылы биз мониторингдин жыйынтыгы боюнча отчет беребиз, ошондой эле ар бир мамлекеттик орган аткарган иштери тууралуу коомчулук алдында отчет берет.
— Жемкорлукка каршы күрөштү мындан ары кандай улантсак, ал дагы да жогорку натыйжа берет?
— Мындан ары да туруктуу натыйжага жетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды толук санариптештирип, адам факторун жоюу зарыл. Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала (превенция) таап жоюу бизнеске комплаенс стандарттарын киргизүү жана жаш муунду, коомчулукту ак ниеттүүлүккө тарбиялоо иштерин күчөтүү керек. Ар бир жаран пара берүүдөн да, алуудан да баш тартканда гана бул илдетти толук жеңе алабыз.
Мээрим Бактыбек кызы