Нурлан Мотуев дүйнөдөн кайтты
57 жашында саясатчы Нурлан Мотуев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын бир тууганы Нурдин Мотуев билдирди.
Учурда анын каза болгонунун себеби ачыктала элек. Буга чейин Нурлан Мотуевдин ден соолугу начарлап, дарыланып жүргөнү маалымдалган.
Нурлан Мотуев 2000-жылдардын ортосунда Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенин иштетүү ишмердүүлүгү аркылуу коомчулукка кеңири таанылган. 2005-жылдагы март окуяларынан кийин ал аталган кенди көзөмөлүнө алып, мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн жаратылыш байлыктарын пайдаланууга укугу жок экенин билдирген. Ошол учурдан тартып коомчулук арасында ага «көмүр падышасы» деген каймана ат ыйгарылган.
Акыркы жылдары Нурлан Мотуев социалдык тармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий темалар боюнча пикирлерин бөлүшүп келген.