Нурланбек Умаров, Айтматов районунун акими: Райондун өнүгүүсүндө инвесторлордун салымы зор

Талас облусундагы Айтматов району узак мезгилдерден бери эле ар тараптан ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан район катары жалпы элге маалым. Мезгилдердин алгалоосу менен замандын талабы дагы катуулап, эртеңки күнгө эки эселенген мээнетти, күчтү талап кылууда.
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Умаров Нурланбек мырза менен болгон баарлашуубузда райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү, калктын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн жасалып жаткан иш-чаралар туурасында сөз болду.

-Нурлан мырза, сиз жетектеген Айтматов районунда карапайым калктын жашоо-шарты күн сайын кубанарлык жаңылыктар менен коштолуп жаткандыгынан кабарыбыз бар. Элибиздин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда кандай аракеттер жасалууда?
— Жалпыбызга маалым болгондой Айтматов районунун калкы негизинен дыйканчылык менен алек болушат. Өзгөчө район боюнча 22 гектар аянтка же андан көп гектар аянтка деле төө буурчак эгилет. Бирок, былтыркы жылдан бери төө буурчактын баасы арзан болуп, дыйкандарыбыздын мээнеттери акталбай жатат. Биз төө буурчактын баасын көтөрүп туруктуу баада кармоо үчүн аракеттерди жасадык. Ушул аракеттерибиздин натыйжасында Президентибиз 100 млн сом каражат бөлүп берди. Негизи ар бир үй бүлө балдарын жаңы окуу жылына камдап жатканда, кышка отун-суусун камдап жатканда төө буурчактын баасы арзандап кетет. Биз ушул Президент бөлүп берген каражатты дал ушул 3-4 тонна төө буурчак өстүрүп, эң керектүү зарылдыктарына соодалап жаткан калктын аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, төө буурчактын ар бир килограммын 95-100 сомдон төмөндөтпөй сатуулары үчүн шарт түздүк.

Мамлекетибиздин мындай жардам бергендиги дегеле тарыхта болгон эмес экен. Эми биз элден төө буурчактын килограммын 95 сомдон сатып алганыбыз менен азыр кампаларыбызда алар кыймылдабай турат. Эл аралык рынокко алып чыга элекпиз. Анткени баа көтөрүлбөй жатат. Биз бул багытта Президентибизге кайрылып, 1 млрд сом бөлдүртүп алдык. Ал каражатка биз Бакай-Ата районунда төө буурчакты тазалап, сатууга, экспортко даярдап, таңгактай турган ишкананы ачып жатабыз. Бул аракеттерибиз элибиздин социалдык-экономикалык абалын оңдоого чоң өбөлгө болмокчу. Анткени завод экспорттоого даярдалган төө буурчактын баасы алда канча кымбаттатып сатууга мүмкүнчүлүк болмокчу.

Өнөр жайды өнүктүрүүдө экономикабызды чыңдоодо биздин Айтматов району “Арашан” сүт заводунан көз каранды экен. Анткени башка өнөр жайлар дээрлик аймагыбызда жокко эсе. Биз Кара-Буура айыл аймагына 2 асфальт-бетон заводун курдук. Ал ишканалар үчүн жер бөлүп берип, ишкерлер менен биргеликте иш алып бардык. Андан тышкары дагы бир кытай ишкерлери асфальт-бетон заводун куруп берди. “Баягра” деген компания мамлекет тарабынан 320 млн сом жеңилдетилген насыя алып, Бакайыр айылында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод курулуп баштады. Ушул максатта биз 308 гектар жерди бөлүп бердик, анын 8 гектары завод куруу үчүн, ал эми 300 гектар жер айыл чарба азыктарын багып, өстүрүү үчүн бөлүнүп берилди.

Ошондой эле районубуздагы Чолпонбай айыл өкмөтүндө дагы ишкана куруу үчүн инвесторлор менен иштеп жатабыз. Районубузга элибиз үчүн пайдалуу иш бүтүрүп берүүнү каалаган инвесторлорго эшигибиз ачык.


— Айтматов районунун калкы таза суу менен толук камсыз болушканбы?
— Мен ушул районго жетекчи болуп келген күндөн бери ушул маселеге абдан көңүл коюп келе жатам. Бакыян айыл өкмөтүндө ушул маселеде чечилүүгө тийиш болгон көп маселелер бар. Азыркы учурда таза суу көйгөйлөрүнө байланышкан көп долбоорлорду даярдап, УКУСка тапшырып койдук. Азыр ал долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу үчүн акча-каражаттары каралып жатат. Райондун борбору болгон Кызыл-Адыр айылында дагы таза суу көйгөйү жаралып жатат. Басымы жакшы болбогондуктан суу айрым жерлерде жакшы чыкпай калууда. Анткени, мурун 2 эле скважина иштеп, элди таза суу менен камсыз кылып келген. КРнын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жумаев облусту өнүктүрүү фондусунан 25 млн сом бөлдүрүп бергенден кийин дагы кошумча 3 скважина курдуруп алдык. Ошондон кийин таза суу маселеси менен калкыбызды камсыз кылуу бир топ жеңилдеп калды.

Андан тышкары союз мезгилинен бери иштебей турган 2 скважинаны кайра оңдоп, пайдаланууга бердик. Азыр Кызыл-Адыр айылынынын жашоочуларын 7 скважина таза суу менен камсыз кылууда. Кудай буйруса, жашоочуларыбызга суунун көлөмү жетиштүү. Бирок, таза суу менен камсыз кылууда ошол сууларды жашоочуларга жеткирген суу түтүктөрдүн, жабдуулардын эскилиги жетип калганы бизге чоң түйшүктөрдү жаратууда. Суу баардык жашоочуларга жеткиликтүү болушу үчүн суунун басымын көтөрсөк, эскилиги жеткен суу түтүктөн ар кайсы жеринен жарылып кетип, машакаттарды жаратууда. Ошол маселени чечүү аракети менен курулуш министрлиги менен иштеп жатабыз.

Бизде азыр канализацияларды жөнгө салуу боюнча долбоорубуз дагы даяр болду. 1 млрд 322 млн 783 миң сом менен бүтө турган долбоорубузду жакында ишке киргизебиз. Азыр эски түтүктөрдү жаңысына алмаштыруу аракеттери жүрүүдө. Акча каражаттары толук чечилгенден кийин ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашырмакчыбыз.
— Инвесторлор менен иштөө жагы кандай болууда?
— Азыр районубузга келген инвесторлор менен тыгыз иштөөгө аракет жасалууда. Районубуздун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында инвесторлорго шарттар түзүлүүдө. Ошондуктан жогоруда айтып кеткенимдей биз алар каалаган, кызыккан аймактардан жер бөлүп берип жатабыз. Асфальт-бетон заводдорун куруп, элибизди иш орундары менен камсыз кылууда алардын эмгеги зор.

Казак туугандарыбыз келип сүт азыктарын иштетүүчү ишкана үчүн 10 млн сом сарптаганы турушат. Жогоруда айтып өткөнүмдөй “Баягра” ишканасы дагы биздин райондо ийгиликтүү иш жүргүзүп жатат. Жаңы ишканаларды ачууда колдоо, көмөк көрсөтүү боюнча Министрлер Кабинетинин тапшырмасын аткаруудабыз. Алар сураган жерлерди бөлүп берип, документтештирүү боюнча жардамдарды берип, инвесторлор менен тыгыз иштеп жатабыз.
— Маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бекем ден соолук, албан ийгиликтерди каалайбыз.

Раиса Дүйшөнбекова

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X