Ныязаалы Борош уулунун күүлөрү жаш комузчулардын аткаруусунда жаңырды
Бүгүн, 21-ноябрда, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун чыгармачылыгына арналган республикалык сынактын гала-концерти өттү. Анда жаш комузчулар улуу залкардын күүлөрүн аткарып, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана байгелер тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, сынакты өткөрүү демилгесин көтөргөн депутат Гүлшаркан Култаева жана депутат Бурул Аманова катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Ныязаалы Борош уулунун музыкалык мурасын бүгүнкү күнгө жеткирүүгө салым кошкон Ильгиз Гилязетдиновго, Тынчтыкбек Нурманбетовго жана Намазбек Уралиевге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле маданият тармагында эмгектенген бир катар инсандарга Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлерине Жогорку Кеңештин медалдары жана Ардак грамоталары берилди. Мындан тышкары А. Намазалиев Жогорку Кеңештин медалы, М. Мамаджанова, Болотбек Тасмабек уулу жана Нурай Шарабидин кызы Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Өз кезегинде депутат Гүлшаркан Култаева Ныязаалы Борош уулунун күүлөрү кыргыз маданиятында өчпөс из калтырып, улуттук руханий мурастын баалуу бөлүгүнө айланганын белгиледи. Ал улуу комузчунун чыгармаларын сактап, кийинки муунга үйрөтүп келе жаткан устаттарга ыраазычылык билдирип, жаш аткаруучуларга ийгилик каалады.
Сынактын негизги максаты — залкар комузчунун чыгармачылыгын даңазалоо, анын күүлөрүн жаш муунга жеткирүү жана комуз өнөрүн өнүктүрүү.