Оң рулдуу унааларга такси лицензиясы берилбейт

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда оң рулдуу унаалар менен такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.

Мыйзамга ылайык, оң рулдуу унаалар менен коммерциялык жүргүнчү жана жүк ташуу азыркы күндө дагы тыюу салынган. Бул норма такси лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулган.

Мекеменин билдирүүсүндө бул чечим жол коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жылда оң рулдуу унаалардын катышуусунда 21 159 жол-транспорт кырсыгы катталып, 34 656 адам жаракат алып, 2 366 жаран каза болгон. Кырсыктардын 60% оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон.

22-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X