Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы мезгил-мезгили менен өчүрүлөт

Өлкө боюнча энергетика тармагында март айынан баштап оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бардык облустарында электр чубалгылары, трансформаторлор, көмөк чордондору ондоп-түзөөдөн өтөт.

Буга байланыштуу убактылуу өчүрүүлөр болуп турат. Министрликтин алдындагы ар бир ишкана массалык маалымат каражаттары аркылуу алдын ала өчүрүүлөр туралуу кабарлап турары айтылды.

Энергетика министрлигинен билдиргендей, аталган оңдоо иштери 2022-жылга каралган план боюнча ишке ашууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X