Облустагы өкүлдөр эл менен жылына эки ирет милдеттүү жолугушат. Президент Жарлыкка өзгөртүү киргизди
«Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгына кол койду. Жарлык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10–15-апрелиндеги Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. Алсак, Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 302 «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү калк менен милдеттүү жолугушууларды ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрөт. Аталган Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.