"Эркин-Тоо"

«ОК Платформасы» аркылуу каражат көбөйтүүнү убада кылган жаран кармалды

«ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражат көбөйтүүнү убада кылган жаран алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Кабарга таянсак, Ж.К. аттуу жаран ИИМдин Тергөө кызматына кайрылып, С.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган. Анда ал 2022-жылдын сентябрь-ноябрь айына чейин «ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 доллар акчасын ээлеп алган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү С.Н.Эгембердиев 2022-жылдын 24-декабрында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 18-январда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, тергөө изоляторуна кармоо мөөнөтү ушул жылдын 24-февралына чейин узартылган. Андан тышкары 35 кылмыш иши козголуп, алар бир өндүрүшкө бириктирилген.

Айыпталуучу С.Эгембердиевге жана башка адамдарга карата республиканын ички иштер башкармалыгынын шаардык райондук бөлүмдөрүнө жана Башкы прокуратурасына арыздардын жана кылмыш иштеринин кабыл алуу уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!