Ок тийген жаран оор абалда

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 17

Бүгүн таңга маал Баткенде чыккан чек ара чырында жаракат алган бир жарандын абалы оор. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мындан сырткары окуяда 3 адам жаракат алган. “Ок тийген бир кыргызстандык оор абалда Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнүн сол колу сынган. Булар учурда Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Ал эми төртүнчү киши медициналык көзөмөлдөн кийин үйүнө чыгарылган”,-делет министрликтин маалыматында. Учурда жаңжал чыккан жерде Тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат.

29-апрель, 2021-ж. / Редакция / Аймак 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X