ӨКМ эскертет: Тоолордо сел жүрүү коркунучу бар

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 200

4–6-август күндөрү өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлүп, айрым райондордо сел жүрүү коркунучу жаралат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жана туристтерди тоолордо, капчыгайларда жана дарыя жээктеринде жүргөндө өзгөчө сак болууга чакырды.

Министрлик сел кооптуулугу сакталган мезгилде кооптуу аймактарга барбоону, аба ырайына байланыштуу расмий эскертүүлөрдү так аткарууну өтүнөт. Аба ырайынын мындай шарттары 6-августка чейин уланары белгиленди.

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 200
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X