ӨКМ министри кооптуу аймактарды абадан текшерди

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев өлкөдөгү сел коркунучуна баа берүү максатында Кыргыз тоо кыркасынын түндүк капталындагы бийик тоолуу көлдөрдү абадан текшерүүгө катышты.

Аэровизуалдык мониторингге ӨКМдүн кооптуу жаратылыш процесстерине байкоо жүргүзгөн адистери жана Борбордук Азия университетинин окумуштуулары катышып, сел жаратуу коркунучу бар бир катар көлдөрдүн абалына комплекстүү баа беришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн жана мореналык тосмолордун абалын, топтолгон суунун көлөмүн, дарыялардын нуктарын жана суу чогулуучу бассейндерди изилдеп, фото жана видео материалдарды топтошту. Ошондой эле өзгөчө көзөмөлдү талап кылган кооптуу тилкелер аныкталды.

Министр Канатбек Чыныбаев климаттын өзгөрүшү бийик тоолуу көлдөр менен мөңгүлөрдүн абалына олуттуу таасир тийгизип жатканын белгилеп, заманбап мониторингди күчөтүү жана эрте эскертүү системасын өркүндөтүү ӨКМдүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Чогултулган маалыматтар сел коркунучун так болжолдоого, жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин баалоого жана алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүүгө кызмат кылат.

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X