ӨКМ: Ноокендеги селдин кесепеттерин жоюуга 451 кызматкер тартылды
Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепеттерин жоюу боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-июлда саат 19:30 чамасында жааган нөшөрдүн кесепетинен сел суулары 417 турак үйдүн короосун каптап, алардын 80инин ичине кирген.
Мындан тышкары, селден 4 коомдук тамактануучу жай, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу жабыркаган.
Селдин кесепеттерин жоюу жана аймактарды тазалоо иштерине райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 350 кызматкер жана ӨКМдөн 101 куткаруучу тартылып, жалпысынан 451 адам иш алып барууда. Ошондой эле 22 оор инженердик техника тартылып, турак үйлөрдүн, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймагын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин толук жоюу жана келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо иштери улантылууда.