ӨКМ өлкөдө жер титирөөгө туруктуу 40 мектепти жаңылоодо
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өлкө боюнча 40 мектепти жер титирөөгө туруктуу жана заманбап шарттарга өткөрүүдө. Анын ичинен 8 мектептин курулушу аяктап, 15инде курулуш, 17синде реконструкция иштери жүрүүдө.
Долбоордун алкагында мектептердин сейсмикалык коопсуздугу жогорулатылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, таза суу жана заманбап санитардык системалар киргизилүүдө.
Ысык-Көл облусунда 5 мектеп жаңыланууда. Ак-Суу районунун Токтогул айылындагы А. Сыдыкбеков атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында.
225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу мектепте 15 окуу кабинети, спорттук жана концерттик залдар, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, физика жана химия кабинеттері жайгашат.
Мектеп пандус, лифт, видеобайкоо, рекуператорлор жана саркынды сууларды тазалоочу система менен жабдылган. Жаңы имарат 1969-жылы курулган эски корпустардын ордун басат.