ӨКМ: Суудагы кырсыктар көбөйүп, коопсуздук маселеси актуалдуу бойдон калууда

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгон 41 учур катталды.

Каза болгондордун ичинде:

  • 21 эркек,
  • 5 аял,
  • 13 кичинекей бала,
  • 2 өспүрүм бар.

Аймактар боюнча эң көп учурлар төмөнкүдөй катталган:

  • Бишкек шаарында – 11,
  • Ош облусунда – 9,
  • Чүй облусунда – 8,
  • Жалал-Абад облусунда – 7,
  • Талас облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 1,
  • Ош шаарында – 3 учур.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын алгачкы алты айында сууга чөгүүдөн 33 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2026-жылы өсүш бар экенин көрсөтөт.

Куткаруучулар суунун жээгиндеги кырсыктардын негизги себептеринин бири катары адамдардын өзүнүн сүзүү жөндөмүнө ашыкча ишенүүсүн белгилешүүдө. Адистердин айтымында, жакшы сүзө билгендер да күтүлбөгөн коркунучтарга туш болушу мүмкүн: күчтүү агым, муздак суу, суу алдындагы агымдар же булчуңдун тырышуусу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды жабдылган жана куткаруучулар нөөмөттө турган жайларда гана сууга түшүүгө, ошондой эле балдарды суунун жээгинде кароосуз калтырбоого чакырууда.

1-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X