ӨКМ: Талас дарыясына агып кеткен Баэлди издөө уланууда

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 163

Талас дарыясына агып кеткен Баэл аттуу жаранды издөө иштери 2026-жылдын 23-июнунан бери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тартылган.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар да издөө иштерине көмөк көрсөтүп, дарыянын жээги жана жаран болушу мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилип жатат.

Учурда куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар Баэлди табуу үчүн издөө иштерин тынымсыз улантууда.

15-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X