ӨКМ жана Транспорт министрлиги жарандарды сак болууга чакырды
2–6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет.