ӨКМде паракорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өттү

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 211

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, подполковник Батырбек Осмоналиев катышкан жыйын өттү. Ага ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору катышып, паракорчулуктун алдын алуу жана болтурбоо маселелери талкууланды.

Возможно, это изображение учеба, телевизор, стол и отдел новостей

Жыйында коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча пикир алмашуу болду. Өз сөзүндө Батырбек Осмоналиев мамлекеттик кызматкерлердин этикалык нормаларды сактоосунун, кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланбоосунун жана коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так аткаруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өрттү көзөмөлдөө кызматынын директору Бакытбек Молдоисаев инспекторлордун ишмердүүлүгүнө негизсиз дооматтарды коюу жана аларды каралоо аракеттерине каршы туруу боюнча маселелерди көтөрүп, бул багытта өзүнүн сунуш-пикирлерин билдирди.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, кызматкерлерди кызыктырган суроолорго кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мамлекеттик органдарга болгон коомдук ишенимди бекемдөөдө коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү маанилүү экенин белгилешти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X