ӨКМден маанилүү эскертүү. Аптаптуу күндөрдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Кийинки аптанын башынан тарта Кыргызстанда абанын температурасы кескин жогорулап, айрым аймактарда +40°Cге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Министрлик жарандарды ысыктан сак болуп, күн өтүп кетүү жана дененин ысып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
ӨКМ төмөнкү сунуштарды берет:
- көбүрөөк суу ичүү;
- баш кийим кийүү;
- ачык түстөгү, жеңил кийимдерди тандап, калың жана кара түстөгү кийимдерден баш тартуу;
- мүмкүн болушунча саат 12:00дөн 16:00гө чейин сыртка чыкпоо;
- баш айлануу, алсыроо же көңүл айлануу байкалса, дароо көлөкөгө өтүп, суу ичүү;
- балдарды жана үй жаныбарларын токтоп турган унаада кыска убакытка да калтырбоо;
- күндөн коргоочу каражаттарды колдонуу.
ӨКМ жарандарды аптаптуу күндөрү өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.