ӨКМдин эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 122

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан коррупциялык кылмыш ишинин алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкери кармалды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар долбоордук документтерди оң кароо жана эксперттик корутундуларды берүү үчүн 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин мыйзамсыз акча алып турушкан.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектору М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X