Өкмөт “Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашырууну баштайт
Данияр Амангелдиев Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди, күн электр станцияларын жана ири жол долбоорлорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылы өлкөдө бир катар стратегиялык мааниге ээ долбоорлор ишке ашырылат. Алардын катарында Ала-Тоо Резорт долбоору да бар. Быйыл аталган долбоордун биринчи этабын баштоо пландалууда.
Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу максатында Чыгыш–Батыш багытындагы жолдорду реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Амангелдиевдин айтымында, бул долбоорлордун 30 пайызы ички ресурстардын эсебинен, ал эми 70 пайызы инвестициялар аркылуу каржыланууда.
Ал ошондой эле экономиканын өсүшү менен энергетика тармагына болгон суроо-талап да жогорулап жатканын айтып, учурда бул багытта реформалар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
“Учурда күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер ишке киргизилип жатат. Ошондой эле Чаткал ГЭСтер каскады долбооруна старт берилди”, — деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте бир катар объектилерди кыдырып, жыйындарды өткөрөт.