Өкмөт: Пенсия октябрь айында көбөйөт

25-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 250

Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү быйыл да октябрь айында индексацияланат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, индексациянын көлөмү республикалык бюджеттин иш жүзүндөгү кирешелерине жараша аныкталат.

Амангелдиев ошондой эле президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөдө минималдуу пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин белгиледи. Бул көрсөткүчкө 2022–2023-жылдары жетишилгенин кошумчалады.

Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Жеңишбек Мукамбетов Кыргызстанда минималдуу пенсия 7,1 миң сомду, ал эми орточо пенсия 11,3 миң сомду түзөрүн билдирген.

25-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 250
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X