Өкмөттүн кышка камылгасы сизди канааттандырабы?

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 100

Ошентип, ана-мына дегиче, ачып көздү жумгуча кыш карааны жакындап, босогого кирип келди. “Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт” деген мезгилдин эскертүүсүнө көпчүлүк катмар кандай даярдыктарды көрдү? Аймактардагы кышка камылга, элибиздин отун-суусунун камдалышы канааттандыраарлыкпы? Баш калаадагы кыш күрөөгө даярдыктар беленби? Дегеле өкмөттүн бул жааттагы аракеттери купулга толоорлукпу? Биз бул сапар дал ушундай түйүндүү соболдорго эл өкүлдөрү менен бирге жооп издедик. Эмесе, кыш камылгасы тууралуу жоопторго биз менен бирге абай салып көрүңүз окурман.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев:
“Көмүр маселесинде суроолор көп болууда…”
— Кышка даярдык жыл сайын кайталанган, бирок, жоопкерчиликти талап кылган маселе. Негизги көрсөткүч кагаз жүзүндөгү даярдык эмес, кыш мезгилинде элдин жылуулук, электр энергиясы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз болушу. Бул багыттагы иштерге бааны кыштын өтүшү берет. Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты угуп, маалыматтарын угуп турат. Кемчиликтер айтылып, баары көзөмөлдө болот. Жеке өзүм өткөн аптада Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу райондорун кыдырып келдим. Көмүр маселесинде суроо көп. Бааны туруктуу кармоо боюнча маселелер айтылды. Аймактарда ар бир үй-бүлөнүн шарты ар башка. Айрыкча алыскы айылдарда көмүрдүн баасы, жеткиликтүүлүгү жана электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилиши маанилүү. Бул маселелер жеринде көзөмөлдө болушу керек. Өкмөткө кышында көйгөй жаралгандан кийин эмес, алдын ала чара көрүү зарыл деген сунушумду жолдойт элем. Көмүрдүн баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө, электр тармактарын оңдоо жана авариялык кызматтардын даярдыгын күчөтүү керек.

“Акылдуу эсептегич” боюнча да нааразычылыктар бардай. Бул маселеге да көңүл буруу зарыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков:
“Жыйынтыкка карап баа беребиз”
— 2026-2027-жылдагы кыш мезгилине даярдык боюнча парламентке Министрлер Кабинети маалыматын беришти. Ал жерде негизги маселе, электр энергиясы менен “кара алтынга” болгон жылдык керектөө боюнча бир топ пландарын айтышты. Аныгында кыш күрөөгө даярдыкты бир гана көмүр же электр энергиясынын запасы менен өлчөөгө болбойт. Кышка камылга энергетикалык коопсуздук, калктын социалдык абалы, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу менен түз байланыштуу маселе. Азыр электр энергиясына карата кайсы бир деңгээлде импортко да зарылчылык бар. Ошондуктан, кыш камылгасы боюнча сөз кылганда төмөндөгүдөй 3 негизги маселеге көңүл буруп коюш керек. Биринчиден, эң оболу карапайым калкты көмүр менен жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иштер аткарылышы зарыл. Айрыкча, алыскы аймактарда жашаган социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн абалына көңүл буруу маанилүү. Экинчиден, электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилиши. Биз эбегейсиз суунун үстүндөгү мамлекетпиз дегенибиз менен электр энергиясы жаатында көйгөйлөрүбүз чоң. Үчүнчүдөн, мектеп, бала бакча, оорукана баштаган социалдык имараттардын жылытуу системасын карап чыгуу зарыл. Тагыраагы, бул мекемелерде кыш күрөөдө жылуулук маселеси жаралбашы керек. Ал эми өкмөттүн камылгасына жыйынтыкка карап баа беришибиз кажет. Анткени, кыш даярдык боюнча отчет эмес, чилдеде жарандарыбыздын үйлөрүндө жарык менен жылуулуктун болушу эң негизги көрсөткүч болушу зарыл. Мамлекеттин милдети ар бир жаранынын кыштан кыйналбай чыгышына шарт түзүү болуп саналат.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова:
“Алыскы аймактагылар өзгөчө көзөмөлгө алынышы зарыл”
— Азырынча өкмөт колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен кыш камылгасына даярдыкка мүмкүн болушунча аракет кылышууда. Бул боюнча парламентке дагы маалымат беришти. Иш болгон жерде албетте, кемчиликтер дагы болот эмеспи. Азырынча мен байкагандан көмүрдү ташуу, анын баасы боюнча маселелер бар. Аймактардагы жергиликтүү эл да бул боюнча ара-тородо коңгуроо кагышууда. Негизи кыш камылгасына, бул жааттагы иштин жыйынтыгына кыш бүткөндө олуттуу баа берүү оңдуу болот деп ойлойм. Социалдык имараттарды жылуулук менен камсыздоо маселесин өкмөт чечти. Эми алдыда “кара алтынды” элге жеткирүү, сатуу жагын тыңгылыктуу жолго коюп, көзөмөлгө алышса, энергетикадагы оңдоо-түзөө иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүшсө элибиздин “жеңилин жерден” алганга салым кошкондору болот эле. Албетте, кыш камылгасы оңой-олтоң иш эмес. Сырттан туруп сунуш бербестен бир беткей сындоо оңой. Андан көрө бул жааттагы реалдуу сунуштарыбызды коомдук пикирге алып чыгып, тиешелүү тармактагыларга жардам беришибиз керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков:
“Өкмөттүн камылгасы мени канааттандырды”
— 21-октябрда өлкөнүн күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы боюнча парламентте атайын өкмөттүк угуу болгон. Анда кышка камылга боюнча атайын республикалык штаб түзүлүп, анын башына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тургандыгы маалым болгон. Ошол учурда өкмөт өлкөбүздөгү кышка даярдыктын кам-чому дээрлик 80%га даяр деген отчетту беришкен. Биз анда өкмөткө кыш камы боюнча энергетика жаатындагы кризисти, өлкө аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылуу, баш калааны каптаган кара түтүн баштаган бир катар көйгөйлүү маселелер боюнча реалдуу жагдайлардагы өз сунуштарыбызды айтканбыз. Өкмөттөгүлөр да кыштын камы боюнча калкыбызды, өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылуу жаатындагы бир катар алгылыктуу аракеттерин билдиришкен. Алардын фактыларга ширелишкен маалыматтарынан кийин өкмөттүн кышка камылга көрүү аракети жакшы деп ойлойм. Кышты Кудай жеңилинен берип, аман-эсен чыгып кетели.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кудайбердиев:
“Чыныгы бааны кыш күрөөдө берели”  

— Бул жылы күз узак болуп, эң оболу элге, өкмөткө да жакшы болду. Ал эми өкмөттүн кышка камылгасына баа берүү азырынча эртелик кылат деп ойлойм. Себеби, күз-кыш даярдыгы боюнча өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңешке келишкенде өлкөдөгү бардык тармактар боюнча даярдык жакшы деп айтышты. Бирок, алардын мындай маалыматынан улам алдын ала даярдыкты сонун деп айтышка эртерээк. Эртең кылычын алып кычыраган кыш келип, катуу суук болгондо чыныгы бааны ошондо берсек болот. Менин бир гана кооптонуум бул электр энергиянын лимитин чектөөгө алуу. Ушул маселе элдин арасында көйгөй жаратып калышы мүмкүн. Ал эми көмүр маселеси боюнча негизинен жылдагыга караганда быйыл “кара алтындан” көйгөй аз болуш керек. Себеби, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы мүмкүн болушунча элге оорчулук келтирбегендей шартта көмүрдүн баасын көтөрбөгөнгө аракет кылууда. Мунун өзү да элибизге көрүлгөн камкордук деп билем.

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова:
“Даярдык менен реалдуу жашоодогу абал дал келиши керек”
— Өлкөдө кышка даярдык иштери негизинен жакшы жүрүүдө. Бирок, айрым көйгөйлүү маселелер дагы деле чечүүнү талап кылат. Азыркы тапта эл өкүлү катары жер-жерлердеги кышка карата абалга көз салып, төмөнкү жагдайларды белгилеп кетким келет. Отун-суу жана көмүр маселеси: Көмүр базаларында көмүр бар болгону менен баанын туруксуздугу жана алыскы айылдарга жеткирүү маселеси карапайым калкты түйшөлтүүдө. Өкмөт бекиткен бааларды жер-жерлерде катуу көзөмөлдөө зарыл. Электр энергиясы жана жылуулук боюнча кыш чилдесинде электр жарыгын өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын абалын дагы бир ирет текшерүү маанилүү. Буга удаа социалдык мекемелер, ошол эле мектептер,
бала бакчалар жана ооруканалар кышкы жылуулук сезонуна толук даяр болушу шарт. Өкмөттүн отчёттордогу даярдыгы менен реалдуу жашоодогу абал дал келиши үчүн биз парламентте бул маселени көзөмөлгө алып, тиешелүү министрликтерден талап кылабыз.

Калыгул Бейшекеев

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X