Октябрь районунда «Комтранском» ЖЧКсы ишин уланта турган болду

16-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 19

Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургундары таштанды үчүн төлөмдү «Комтранском» ишканасына төлөй турган болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жана «Комтранском» ЖЧКсы өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын негизинде тараптардын буга чейинки доо арыздары алынып, Октябрь районунда «Комтранском» ЖЧКсы ишин улантат. Андыктан мындан кийин Октябрь районунун жашоочуларынын жана чарба субъектилеринин таштандыларын алып кетүү кызматы үчүн акылар «Комтранскомго» төлөнөт.

«Комтранском» аталган райондо контейнер коюучу аянттарды жана таштанды контейнерлерин колдонгону үчүн каражат төлөйт жана таштандыны өз учурунда алып кетүүгө милдеттендирилет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X