Октябрь Урмамбетов туристтик сезонго карата даярдыкты текшерди
ИИМ министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов туристтик сезон учурунда коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу максатында Чүй жана Ысык-Көл облустарында кызматтык текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, кызмат өтөө тартиби, материалдык-техникалык камсыздалышы жана заманбап техникаларды колдонуу деңгээли каралды. Ошондой эле туристтик мезгилде кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин даярдыгына жана жарандар менен иштөө маданиятына өзгөчө көңүл бурулду.

Октябрь Урмамбетов өлкөгө келген туристтерге сылык мамиле жасап, керектүү маалыматтарды жеткиликтүү берүү ар бир кызматкердин милдети экенин белгиледи. Ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын оң имиджин калыптандырууга да өз салымын кошууга тийиш экенинине токтолду.
Иш сапардын алкагында жаңы патрулдук автоунаалардын, фото жана видеофиксациялоо системаларынын, ылдамдык өлчөөчү радарлардын, боди-камералардын жана «Автоураган» комплекстеринин иштөөсү текшерилди. Аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо, коопсуздук курун тагынуу, ылдамдык режимин эске алуу жана каршы тилкеге чыкпоонун мааниси түшүндүрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында туристтер үчүн маалыматтык материалдарды жайылтуу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү жана кооптуу тилкелерде көзөмөлдү жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.