Окумуштуулар XXI кылымда жаңы пандемия болушун божомолдошууда

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 22

Жакынкы 60 жылдын аралыгында адамзатка COVID-19 вирусуна окшош жаңы пандемия корокунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Италиянын Падуи Университетинин окумуштуулары билдирүү жасашты.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жазылды. Статистикалык анализ жүргүзүү ыкмасынын жардамы менен адистер акыркы 400 жылдан берки чума, чечек, холера, келте жана грипптин түрлөрүн изилдеп чыгышкан. Жыйынтыгында, экстремалдык пандемия болгон учурлардын интервалы так сакталган. Окумуштуулардын божомолунда коронавирус пандемиясынан кийинки глобалдык эпидемия 2080-жылга дал келиши мүмкүн.

Адистердин айтымында, пандемиянын келип чыгышынын негизги себептери — калктын өсүшү, айлана-чөйрөнүн булганышы жана азык-түлүк системасындагы өзгөрүүлөр. Адам өмүрлөрүн алган тарыхтагы эң коркунучтуу илдеттердин бирине кирген — испан тумоосунун кайталанышы жыл сайын 0,3-1,9%га өсүүдө. Эксперттердин божомолунда бул сыңарындай ири пандемия дагы 400 жылдан кийин кайра кайталанышы ыктымал. Бирок, COVID-19 сыңарындай илдеттердин саны кийинки 10 жылда 3 эсеге өсүп, ал эми 12 миң жылдан кийин адамзатты толугу менен жок кыла турган илдет пайда болушу мумкүн деген божомолдор окумуштуулар тарабынан айтылууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X