Окуучулар 2027-жылы канча күн эс алат? Каникул графиги чыкты

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 151

Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата мектеп окуучуларынын каникул графигин жарыялады.

Жаңы окуу жылында окуучулар төмөнкү мөөнөттөрдө эс алышат:

  • Күзгү каникул: 11–15-ноябрь (5 күн). Сабактар 16-ноябрда уланат.
  • Кышкы каникул: 1–10-январь (10 күн). Окуу 11-январда башталат.
  • Жазгы каникул: 3–8-март (6 күн). Сабактар 9-марттан улантылат.
  • Майрамдык эс алуу: 1–9-май (9 күн). Окуучулар 10-майда мектепке кайтышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-класстын окуучуларына кошумча эки жума, ал эми 2-класстын окуучуларына бир жума эс алуу берилет. Кошумча каникулдардын мөөнөтү аймактагы климаттык жана санитардык шарттарга жараша жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан аныкталат.

2026–2027-окуу жылында жайкы каникулду эсепке албаганда окуу мөөнөтү 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми 3–11-класстар үчүн 34 жуманы түзөт.

27-июль, 2026-ж. / Редакция / Коом 151
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X