Омандан 300дөй жаран учуп келди

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Омандан Кыргызстанга 300гө жакын кыргыз жараны учуп келди.

Каттам Кыргызстандын жарандарын Мекенге кайтаруу максатында Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Кыргызстан аэропорттору» ААК тарабынан ишке ашырылды.

Биринчи каттам аркылуу 175 жаран, экинчи каттам менен 85 жаран өлкөгө кайтып келди.

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы мамлекеттик органдар менен макулдашуунун алкагында каттамдын коопсуз аякташы үчүн бардык зарыл болгон уюштуруу жана оперативдүү иш-чараларды камсыз кылды.

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X