Он жыл ичинде балдардын өлүмү 73%га азайды

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Кыргызстанда акыркы он жыл ичинде балдардын өлүмү 73 пайызга азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапанын жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы беш жылда беш жашка чейинки балдардын өлүмү азайган.

Жолугушууда эне жана баланын саламаттыгын коргоо, баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, иммунизация программаларын күчөтүү жана саламаттык сактоо системасына санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында ЮНИСЕФ тарабынан медициналык кызматкерлерге 247 планшет өткөрүлүп берилди. Алар алыскы аймактарда дистанциялык консультацияларды жүргүзүү үчүн колдонулат.

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X