Өнүгүүнүн жаңы баскычына багыт алган Талас

Президенттин кезектеги эл менен жолугушуусу Талас облусунда болду. Сапардын жүрүшүндө Талас шаарынын, Бакай-Ата, Талас, Айтматов жана Манас райондорунун акыркы беш жылдагы жетишкендиктери менен таанышып, ишке ашырылган долбоорлор жана алдыдагы пландар тууралуу талкууларды жүргүздү. Ошону менен бирге жеринде элдердин көйгөйлөрүн укту.

ТАЛАСТЫН ӨЗГӨРГӨН ЖҮЗҮ

Ачыгын айтканда акыркы жылдарда Талас облусунун экономикалык көрсөткүчтөрүндө олуттуу жылыштар байкалды. Президенттин эл менен жолугушуусундагы маалыматтарына таяна турган болсок, облустун бюджети 2021-жылы 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы 1 млрд 268 млн сомго жеткен. 2026- жылга 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бюджет бекитилген. Ал эми тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржыланып, 2026-жылы Талас облусунда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга Турукташтыруу фонду жана “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу кошумча 5 млрд 543 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттар капиталдык курулушка, жолдорду оңдоого, таза сууга жана ирригациялык системаларды өнүктүрүүгө
багытталган. Ушул жерде райондордогу болуп жаткан ийгиликтерди да баса көрсөтө кетели.

Маселен, Айтматов районунун бюджети 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылы 625 млн сомго жетери айтылды. Районго акыркы беш жылда тартылган инвестициялар 530 млн сомдон 1,6 млрд сомго чейин көбөйгөн. Бул аралыкта 41 өнөр жай объектиси ишке кирип, 44 социалдык объект курулган. Манас районунда болсо бюджеттик өсүш 2021-жылы 83 млн сом болсо, бул көрсөткүч 2025-жылы 195 млн сомдон ашкан. Ал эми 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 208 млн сомдон ашары болжолдонуп жаткандыгы белгилүү болду. Бакай-Ата районунда 26 социалдык объект курулуп, 42,2 чакырым жол
асфальтталган. Тогуз айылды камтыган 163 чакырымдык ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн. Төө буурчакты кайра иштетүүчү 200 млн сомдук заводдун ишке кириши жергиликтүү айыл чарба продукциясын кошумча нарк менен өндүрүүгө карай жасалган маанилүү кадам болду.

Талас шаарынын жергиликтүү бюджети 4 эседен ашып, өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык көбөйгөн. Инвестициялардын көлөмү 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча 8,2 млрд сомго жетери күтүлүп жатыптыр. Мындан тышкары, облуста акыркы жылдары мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, спорттук жайлар, парктар жана өндүрүш ишканалары курулуп, жаңыланган объектилер да бир топ болду. Быйыл 29 объекттин курулушу аяктап, алты жаңы өндүрүш объектиси пайдаланууга берилип, 8,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, 325 жумуш
орду түзүлүптүр. Демек, Таластагы өзгөрүүлөр бир эле курулуш менен бүтүп калбай, экономикалык активдүүлүктүн жогорулашына, өндүрүштүн кеңейишине жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

ЖЕРҮЙ КЕНИНЕН “ТАЛАС-АРЕНАГА” ЧЕЙИН

Талас облусунун экономикалык өнүгүүсүндө тоо-кен тармагынын да орду бар. Анын негизги кыймылдаткычтарынын бири катары Жерүй алтын кенин айтсак болот. “Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше түшүрүп жатат” — деди Мамлекет башчысы. Ажонун айткандары боюнча 2026-жылдын тогуз айында
компаниядан мамлекеттик казынага 20 млрд сом которулган. Ал эми 2021-жылдан бери жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна 3,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Аймактын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө. Ушул тапта Талас облусунда бир катар энергетикалык долбоорлор ишке ашырылган. Айталы, алардын ичинде Манас районунда кубаттуулугу 25 МВт болгон “Бала-Саруу” чакан ГЭСи ишке берилген. Айтматов районунда 4,3 МВт кубаттуулуктагы “Баарын” чакан ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат. Талас районунда 24 МВт кубаттуулуктагы “Альянс” ГЭСинин курулушу жүрүүдө. Бул долбоорлордун ишке ашышы, аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдеп, өндүрүш ишканалары үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү
жаратат. Социалдык инфраструктурадагы эң көрүнүктүү жаңылыктардын бири катары 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган “Талас-Арена” борбордук стадионунун ачылышы болду. Эл аралык талаптарга жооп берген стадиондо негизги футбол талаасынан тышкары эки машыгуу талаасы, үч кичи футбол аянтчасы жана заманбап жарыктандыруу системасын дагы айтсак болот. Бул
объектилер Таластын спорттук инфраструктурасын жаңы деңгээлге көтөрүп, жаш футболчуларды даярдоого шарт
түзөт.

Ошондой эле “Акылман” президенттик лицейи, “Баластан” балдар оюнзоок борбору, “Баатырлар” борбордук паркы жана “Айтматов Ааламы”, “Манас Ордо” комплексттери облустагы маанилүү долбоорлордун катарына кирет. Шаарга 30 заманбап Yutong электробусунун алынышы да коомдук транспортту жаңылоодогу жакшы кадам болду.

ТАЛАСТЫН КИЙИНКИ КЕЛЕЧЕГИ

Талас облусунун келечектеги өнүгүүсү бюджеттик каражаттарга же кен байлыктарга гана байланбай, жогоруда биз сөз кылган маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү канчалык натыйжалуу пайдаланууга
байланыштуу болот. Менимче, Таласта биринчи кезекте айыл чарбасын, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү зарыл. Талас өрөөнү төө буурчак өндүрүү менен белгилүү. Өткөндө Президент сөз кылгандай чийки затты сатуу менен чектелип калбай, аны кайра иштетип, даяр продукция катары ички жана тышкы
рынокко чыгаруу аймактын кирешесин көбөйтөт. Мисалы, Бакай-Атадагы төө буурчак заводу ушул багыттагы алгачкы маанилүү мисалдардын бири катары айтсак болот. Ушул эле райондо
кара өрүктү кайра иштетүүчү ишкананы куруу демилгеси да колдоого алынууда.

Себеби, көп жылдан бери төө буурчак айдалып келген бул аймактагы жерлер, акыркы кезде кирешеге мурдагыдай жеткирген түшүм бербей баштаган. Ошол себептен, кошумча кирешенин бир булагы катары бакай-аталыктар кара өрүктүн кирешесине кызыга баштаган. Экинчиден, энергетика тармагы Таластын өнөр жайлык келечегин аныктай турган багыттардын бири. “Бала-Саруу”, “Баарын” жана “Альянс” ГЭСтеринин ишке кириши, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүп, жаңы ишканаларды ачууга өбөлгө түзөрү турган иш. Ошол эле учурда экологиялык талаптарды сактоо жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу да маанилүү. Анын ичинде, өзгөчө кен тармагын иштетүүдө экологияга өзгөчө басым кылышыбыз керек. Үчүнчүдөн, туризмди өнүктүрүү үчүн Таластын тарыхый жана маданий мурастары, кооз жаратылышы чоң мүмкүнчүлүк берет. Жаңыдан оңдолуп бүткөн “Манас Ордо”, “Айтматов Ааламы” сыяктуу комплекстер, тарыхый
жайлар жана кооз жаратылыш аймактары туристтерди тартуучу борборлорго айландыруу шарт. Бул үчүн мейманкана, жол, тейлөө жана туристтик инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү
зарыл. Буйруса, бул комплекстерде мурда болбогон мейманканалар курулганы жакшы болду. Болбосо, Таласта бир жарытылуу эс алуучу, тамактануучу жана жатакана жайы болгон эмес. Төртүнчүдөн, билим берүү, медицина жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү негизги артыкчылык бойдон калууга тийиш. Акыркы 5 жылда Талас облусунда 70тен ашуун социалдык объектилер курулганы маалым болду. Бул жакшы көрсөткүч. Албетте, аймактын өнүгүүсүн курулган объекттер менен “мактанып” отура бербей, алардын сапаты, үзгүлтүксүз иштеши, жаңы жумуш орундарын түзүшү жана элге реалдуу пайда алып келиши башкы көрсөткүч болушу керек. Ошондо касиеттүү Талас жери кен байлыктары менен белгилүү аймак эмес, өндүрүшү өнүккөн, энергетикалык мүмкүнчүлүгү кеңейген, туризми жанданган жана жашоого ыңгайлуу өрөөнгө айлана алат.

Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X