Ооганстанда ачарчылык күч алды

26-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 34

Ооганстандын жаңы бийлиги (Кыргызстанда тыюу салынган “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү) ачарчылык менен күрөшүү үчүн атайын программа иштеп чыгып, миңдеген адамдарга эмгек акынын ордуна азык-түлүк берүүнү сунуштады.

Расмий маалыматка ылайык, учурда бул система өлкөнүн ири шаарларында ишке ашырыла баштады. Бийликтин чечими менен Кабул шаарында 40 миң адам жумуш орундары менен камсыз болушту.

Ооганстанда кургакчылык, электр жарыгынын тартыштыгы жана жакырчылык мурдагыдан дагы күч алып, өлкөнүн экономикасы толугу менен кыйроого учурады.

Ооганстандын айыл чарба министри Абдул Рахман Рашеддин айтымында, жакырчылыкка түрткү берген бир нече себеп бар.

«Жакырчылык жана ачарчылыкка түрткү берген себептер өлкөдө арбын. Алардын бири дүйнө элин түйшөлткөн Covid-19 пандемиясы. Экинчиси – суунун жетишсиздиги. Үчүнчү себеп бул Ооганстанга эл аралык банктар тарабынан мурда көрсөтүлүп келген жардамдардын токтошу»,- деди.

Ал эми Кызыл Жарым ай коому Ооганстандын түндүгүндөгү лагерлерде жашаган качкындарга колдоо көрсөтүп жатканын маалымдады. Коомдун карамагында учурда 500 үй-бүлө бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X