"Эркин-Тоо"

Оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү менен эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы эки күн катары менен коронавирус инфекциясынын жана өпкө оорусунун миңге жетпеген жаңы учуру катталып (25-июлда – 995 жана 26-июлда 973 учур), оорунун көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү менен, эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

COVID-19дун козгогучтарынан коргоонуу жана ооруну жайылтпоо максатында жарандар милдеттүү түрдө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, ошондой эле эмдөөдөн өтүү зарыл, деп эскертет коронавируска каршы күрөшүү боюнча башкы штаб.

«Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин ар кандай салтанаттуу жана массалык иш-чараларды өткөрүү жана аларга баруу сунушталбайт. Менчик формасына карабастан бардык мекемелерде, жабык имараттарда, коомдук транспортто милдеттүү түрдө беткап режимин сактоо зарыл. COVID-19 таралышынын алдын алуу, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун күчөп кетишинен сактоо, организмди алдын-ала даярдоо жана иммундук коргоону камсыз кылуунун ишенимдүү ыкмасы вакцинация болуп саналат»,- деп жазылат штабдын тараткан маалыматында.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына COVID-19 каршы эмдөө акысыз жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 352 миң 877 адам вакцинацияланган (107 826 адам экинчи дозаны алган).

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!